Ак-Талаа райондук китепкана тармагынын балдар бөлүмү тарабынан “Манас” эпосунун жети осуяты боюнча мектеп окуучуларынын арасында кароо-сынак өтүүдө. Сынактын жүрүшүндө окуучулар жобого ылайык жети осуяттын бирөөсүн тандап алып, маанисин чечмелеп беришет.
Кароо-сынак Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө уюштурулууда. Бүгүн Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучулары “Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык” осуятын жактап, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Китепкана тармагынын жетекчиси Гүлжаз Сулайманова аталган кароо-сынактын максаты тууралуу буларды билдирди:
“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү концепциясын турмушка ашыруу максатында жаш муундардын жашоого болгон көз карашына багыт берүү жана көркөм дүйнөсүн ойготуу максатында уюштурулуп жатат. Манастын жети осуяты аркылуу Ата Мекенге кызмат кылууга, патриот болууга тарбиялоо” болуп саналат”.
Барчын Мамытбекова