Жарманке 22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Баткен JIA бизнес ассоциациясы, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык уюму GIZ тарабынан уюштурулду.
Жарманкенин негизги максаты жумушсуз жүргөн адамдарга жумуш таап берүү. Ошондой эле жарманкедеТ. Кулатов атындагы колледжинин студенттеринин өз колдорунан даярдалган продукциялары коюулуп, мода көрсөтүлдү. Иш-чара жылына 2 жолу өткөрүлүп тураарын колледжден билдиришти.
Жумагүл Көчкөнбаева