11-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулуп, окуучулар мүчөлүкө кабыл алынды. Иш чарага 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.
«Манас жаштар уюмун уюштурганыбыздын себеби, окуучуларды элин, жерин коргоого, патриоттуулукка, адеп ахлактыкка тарбиялоо жана билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду. 10-ноябрь Манас жаштар уюмуна кабыл алуу күнү болуп эсептелет, биз каникулга байланыштуу 6-декабрь күнү өткөрдүк. 2-класстан 4-класска чейин Сейтек кошууну болот, 5-класстан 7-класска чейин Семетей кошууну болот, 8-класстан 11-класска чейин Манас кошуунуна өтүшөт. Бул Сейтек кошуунунун мүчөлөрү сары галстук, Семетей кошууну кызыл галстук, Манас кошууну боз галстуктарды тагышат», — деп билдирди Т. Айбашев атындагы орто мектебинин тарбиялык завучу Бурул Арыкова.
Жумагүл Көчкөнбаева