Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейинде тарбия иштери боюнча «Тарбиянын жакшысы — тагдырдын ачкычы» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар «Нарктуу апалдар» Коомдук бирикмесинин апалары Анаргүл Алымбаева жана Батма Султанбаевалар тарабынан уюштурулду. Негизги максаты — инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүн калыптандыруу үчүн сапаттуу билим жана тарбия берүү жөнүндө болду.
Семинардын биринчи бөлүгүн тарбия иштеринин уюштуруучусу Батма Султанбаева ачып, семинардын катышуучуларына жана жалпы мугалим-устаттарга Анаргүл Алымбаева менен биргеликте окуучуларга «Адептүү болсоң жашыңдан, сый урмат кетпейт башыңдан» деген теманын үстүндө талкуу жүргүзүштү.
Семинардын экинчи бөлүгүндө №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев окуучуларга «Жети атаңды биле жүр» деген сөзгө кандай маани бересиңер? деген суроо узатып, окуучулар менен бирге талкуу уюштурду.
«Кыргыздар байыртадан бери балдарынын кулактарына жети атасынын ысымдарын куюп келген. Эгер бала жети атасын билбесе уят болгон. Ар бир кыргыз инсаны жети атасын билүүсү зарыл. Өзгɵчɵ эр азаматтар. Кыргыздарда «Жети атасын билбеген кул» деген сөзү бар. Атанын милдети баласына жети атасын үйрөтүп, жатка айттыруу», — деди Бакыт Темиралиев
Биздин маектештин айтымында эгерде атасы жети атаны билбесе туугандарынан же болбосо санжырачылардан сурап билсе болот. Жети ата тɵмɵнкүдөй аталат: ата, чоң ата, баба, буба, жете, жото, теги. Кыз алганда кыргыздар теги кандай экен деп сураган, ал эми урушканда «Жетесинде жок экен» деген сɵз калган.
Семинардын жүрүшүндө окуучулардан жети аталарын сурамжылоо болду. Катышуучулардын көпчүлүгү жети атасын билээрин айтышты. «Ашпозчу» кесибинин окуучусу Медина Турганбекова Нарын облусунун Эмгекчил айылынан келген. Ал жети атасын жаңылбай санап, ал тургай жети атасынан ашырып Кытай уруусунан экенин далилдеп бере алды.
Турсун Омуралиева