Клара Курбанова Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борборду мындан 8 жыл мурун ачкан. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат.
Клара Курбанова Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 1990-жылы мектепти аяктаган соң, билим издеп Орусия мамлекетине жөнөгөн жаштардын бири болгон. Орусияга барган соң Новосибирск шаарындагы Курулуш Университетинин “Экономика жана башкаруу” факультетин ийгиликтүү аяктаган.
“Жогорку окуу жайды аяктаган соң алгачкы жылдары Новосибирск шаарындагы паспорт берүүчү бөлүмдө иштедим, аны менен катар миграция кызматында да бир аз эмгектендим. Туруктуу жумуш таап иштөө менен эле чектелбей, ушунчалык мекенчил сезимим күчтүү болдубу, кесиби бар туруп мигрант болуп келген адамдардын башын бириктирип бир иш кылайын деп ойлондум. Анан жолдошум экөөбүз акылдашып медициналык борбор ачууну туура көрдүк. Бул борбордун атын кайын атамдын атынан “АнДар” деп койдук. Бул атты чечмелей келсек “туруктуу”, “алдыга”, “таза” деген маанини билдирет. Ошентип, ишти баштадык, билими бар кызматкерлерди жумушка алдык, жумушчулар ар улуттун өкүлдөрү болду. Биринчи эле жумушту санитардык эрежелерди сактоодон баштадык, иштөө графигибизди түздүк анан эң негизгиси кызмат көрсөтүүнүн акысын (баасын) төмөн кылганга аракет кылдык. Анткени, Новосибирск шаарында мигранттар абдан көп, ошондуктан аларга ыңгайлуу, жеткиликтүү болсун дедик”, — дейт “АнДар” медициналык борбордун жетекчиси Клара Курбанова.
“АнДар” медициналык борборунун расмий лицензиясы бар, каттоодон өткөн борбор болгондуктан, ай сайын мамлекетке салык төлөп турат. Медициналык борборго Орто Азиядан келген мигранттар гана эмес, жергиликтүү эл дагы келип кызматтары менен пайдаланып турушат. Азыркы тапта борбор 20дан ашык медициналык кызмат көрсөтөт. Анализдин баардык түрү кабыл алынат. Тактап айтканда, УДИ баардык ооруларды көрүп аныктап берет, аны менен катар тажрыйбалуу уролог, хирург, кардиолог, невролог, акушер-гинеколог, балдар дарыгери, тиш доктурлар жана башка кызматкерлер эмгектенишет. Мигрант жана жергиликтүү келиндерди кош бойлуу кезинде каттоого алып, 9 ай бою көзөмөл кылышат. Кызмат көрсөтүү талапка жооп бергендиктен келген бейтаптардын аягы суюлбайт.
“Ар кандай кырдаалга байланышкан сыртта иш болуп калса, дароо группа түзүп тезинен жардам көрсөтөбүз. Мисалы: пандемия КОВИД-19 учурунда биздин борбордогу кызматкерлер мигранттарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп жатышты. Майыптыгы бар адамдарга клиниканын комиссиясы токтом чыгарып, бекер медициналык кароодон өткөрүп беребиз. 8 жылдан бери, “АнДар” клиникасында 25-30дан ашуун кызматкерлер эмгектеништи, алардын баардыгынын билими жогорку, тажрыйбалуу кызматкерлер. Жаштарды да жумушка алып аларга өз тажрыйбабызды үйрөтүп келебиз”.
35 жылдан бери Орусия мамлекетинде иштеп, бир нече адамдын башын бириктирип, аларды иш менен камсыз кылып келе жаткан Клара Курбанова кесиптештери менен Кыргызстанга тур кылып эс алып кетүүнү адатка айлантышкан. Өз мекенине келип тоо койнунда эс алып, андан энергия алган Клара Курбанова тоолук кыз экенине сыймыктанат.
Бурул Майрамбек кызы