Сокулук районунун Токбай айылындагы Мария Суранчиева атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынынын негизинде тартылган “Жамиля» кино тасмасындагы Сейиттин ролун аткарган актёр Насретдин Дубашев менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу «Инсан таануу» жамааты тарабынан уюштурулду.
«Инсан таануу «жамааты
Актёр Насретдин Дубашев иш – чаранын катышуучуларынын кызыккан суроолоруна жооп берди. “Мен ал кезде бала болгондуктан кыргыздын алптары менен жүргөнүмдү этибарга алган эмес экенмин. Актёрлукту да кесип катары биринчи орунга койгон эмес экенмин. Кичинемде ачык айрым, тайманбас мүнөзүм менен ошол кездеги кастингдерден өтүп, образ жаратууга өбөлгө болду. Чынгыз Айтматов киного тартылып жүргөндө башыман сылап окууларың жакшыбы дегени эсимде”, — деп эскерет Насретдин Дубашев.
Насретдин Дубашев “Биринчи мугалим” тасмасында мектептен чыккан өрттөн улам каза болгон Сувандын образын дагы жараткан. «Мага кара көө, май сүйкөп жаткырып коюп, актриса Джумаш Сыдыкбекова кошок айткан. Узагыраак жатып калганымдан улам, чын эле өлүп калбадымбы деген ой келип, колу бутумду кыймылдатсам жаны бар экен деп сүйүнүп кеткем», — деп кино тартуудагы бир топ кызыктуу учурлардан эскерип айтып берди.
«Насретдин Дубашев агайдын токтоолугу, жөнөкөйлүгү жана адамкерчилиги баарыбызды суктандырды», – деп билдирди Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Күнбала» балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Айзада Арзыбаева.
Насретдин Дубашевдин тартылган кино тасмалары:
1. Первый учитель – Суван 1965-жылы
2. Небо нашего детства – Калык 1966-жылы
3. Джамиля -Сейит 1968-жылы
4. Поклонись огню – Мурза 1971-жылы
5. Я Тянь-Шань – 1972-жылы
6. Жилы-были – 1974-жылы
7. Шамбала – Момун 2020-жылы
8. Дар -2023- жылы
Актёрдун алган сыйлыктары:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
2. Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм»улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы актёру.
3. Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык аймактарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жазуучунун чыгармаларын даңазалаган иш – чаралар өтүлүүдө.
Нурматова Айсулуу, Алгожоева Жанар