Новосибирск шаарында «АнДар» аталышындагы медициналык борбор мындан 8 жыл мурун ачылган. Аталган борбордо ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат. Аны Ош облусунан барган Клара Курбанова жетектейт. «Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борбору ишкер айымдын ишмердүүлүгү тууралуу 9-10-11-класстардын окуучуларына презентация жасады.
Перзентацияны Майрамбек кызы Бурул жасады
Окуучулар медицина багытына көп кызыгышат, алар бул кесип менен айыл жергесине иштөөнү туура көрүшөт. Анткени айыл жергесинде медицина кызматкерлери жетишсиз экенин билишет. Эркек балдар көбүнчө тиш доктур болууну жактырышат. Алар Клара Курбанованын көп улутту бириктирип чет жерде иштеп жаткандыгын абдан баалашты.
Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 4 окуучу медицина багытына тапшырып өз өлкөлөрүнө кызмат кылуу максатын коюшкандыгын билдиришти. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карап чет өлкөгө иштөөгө кете турган окуучулар да бар экенин жашырышкан жок. Өз кезегинде ишкер айым Клара Курбанованын ишмердүүлүгү аларга чоң таасир берип, чет жерде дагы өз ишкерчилик менен алектенсе болот экен деген чоң ишенич бергенин билдиришти.
Бурул Майрамбек кызы