Талас шаарынын активисттери үчүн Орусиядагы ишкер айым Гүлбайра Сүйүналиева тууралуу презентация өткөрүлдү.
Чет өлкөдөгү кыргызстандык айымдар тейлөө кызматында гана иштейт деген стереотипти жою максатында Талас FM жамааттык медианын журналисттери ушул багытта макалаларды даярдап Талас шаарынын активисттери үчүн презентация көрсөтүп беришти.
Талас шаарынын тургундары Гүлбайра Сүйүналиванын окуясы менен тааныша алды. Гүлбайра айым 1995-жылы совет мезгили урап жаткан малда Орусияга соода кылуу максатында кетет.
Отуз жыл аралыгында ишкер айым “Джинсылардын королевасы” деген наамга татып, Новосибирск жана жакын жайгашкан шаарларга джинсы матадан жасалган кийимдерди сатып эмгектенет.
Беш баланын апасы балдары кароосуз калбасын деп, түнкүсүн товар ташып, күндүз балдарын ар түрдүү йиримдерге алып барган.
Натыйжасында 5 баласы тең Орусиянын ар түрдүү спорттун түрлөрү боюнча чемпиондору.
Презентацияга келген катышуучулар “Айымдар ишкерлик менен үй-бүлөнү чогуу алып кете алышат” деген ой пикирлери менен бөлүшүштү.
Гүлбайра Сүйүналива тууралуу макаланы ушул шилтемени басып окусаңыздар болот.
Айгүл Сакеева