Талас облусунун Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков атындагы орто мектебинде окуучулар үчүн “Менин болочок кесибим” аттуу темада интерактивдүү иш чара уюштурулду. Ага 8-11 класстын окуучулары катышты. Алгач, катышуучулар колуна күзгү алып, кандай кесиптин ээсин көрүп жатканын айтышты. Кээ бирөөлөр доктур, мугалим, депутат болом десе, башкалары чет өлкөгө кетем, саякатчы болом деген жоопторду айтышты.
Иш чара алкагында окуучулар үчүн атайын даярдалган ишкер айымдар тууралуу презентация көрсөтүлдү. Анын башкы каарманы Жамиля Назирова, ал 23 жашында кичинекей боз үйдөн чоң туристтик фирма ачкан.
Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүн кыдырып, башка кыргызстандыктарга да мүмкүнчүлүк түзүп берген Жамилянын окуясы башка окуучулар үчүн дагы чоң мотивация берди.
“Мен мектепти аяктаган соң сөзсүз башка өлкөлөрдү кыдырам, чет жакта иштеп келем деп кыялданчу элем. Жамиля эжени көрүп, жөн эле саякаттабай, аны кесипке айландырып, киреше тапса болоорун билдим жана ушундай максат койдум”, — деп билдирди окуучулардын бири.
Жамиля Назированын окуясын шилтемени басып окусаңыз болот.
Айгүл Сакеева