Бишкек шаарынын тургуну Жамиля Назирова 23 жашында чакан туристтик фирма негиздеп, бүгүнкү күнү кыргызстандыктарды дүйнөлүк саякат турларына жөнөтүп турат. Учурда Жамилянын фирмасында 25 адам турларды уюштуруу, пландоо жана буйрутмаларды кабыл алып, 25 адам эмгектенет.
“Бул ишти жолдошум экөөбүз баштаганбыз. Алгач бизде кичинекей эле боз үй шаарчабыз бар болчу. Ал жакка чет өлкөлүк туристтер көп келчү. Анан алар бизге Бишкекте дагы кандай кооз жерлер бар, бизди алып баргыла, көрсөткүлө деп көп суранышчу. Ошондо биз өзүбүздүн жарандар үчүн эс алуу кундөрдү активдүү өткөрүү үчүн атайын турларды уюштуруу идеясы пайда болду”.
Бул ойду ишке ашыруу алдында жаш жубайлар коомдук ишкердиктин мектебинде окуп билим алышкан. Окуунун жыйынтыгында Жамиля жолдошу менен биргеликте мекендештер арасында “саякаттаган оңой, ал үчүн көп каражат кереги жок” деген түшүнүктү активдүү жайылтышкан.
Мындан жети жыл мурда кыргызстандыктар арасында бир күндүк саякаттык турлар пайда болуп популярдуу боло баштаган. Муну алгачкылардан болуп жаш ишкерлер баштаган:
“Бир күндүк турларды алгачкылардан болуп ишке ашыра баштаганыбыз менен сыймыктанабыз. Алгач өлкө ичи боюнча бир күндүк турларды уюштурдук. Ал эми 2017-жылы Өзбекстанга болгон турларды популярдуу кыла баштадык. Бүгүнкү күнү кардарларыбызды дүйнө жүзү боюнча саякатка жөнөтөбүз”.
Кардарларын саякатка жөнөтүү алдында Жамиля алгач өзү сунуштаган турлар боюнча барып, баарын билип, көрүп келгенден кийин гана кардарларга сунуштайт.
“Биздин жумушта эң биринчи биз сапатка көңүл бурабыз. Ошондуктан баарын биринчи өзүм барып, таанышып анан башкаларга сунуштайм. Биздин кардарларыбыз абдан көп, кээ бирлери биздин фирма негизделген убактан бери туруктуу кардарлар. Алар бизге ишенген үчүн кайра кайрылып келишет. Жана бул биздин компания үчүн сыймык”.
Жети жыл мурда пайда болгон кыял ишке ашып, бүгүнкү күнү компанияда 25 адам эмгектенет. Иш жакшы жүрүш үчүн коллектив ичиндеги атмосфера маанилүү дейт Жамиля:
“Биз дайыма команда үчүн мотивация, өнүгүү жолдорун издеп, жакшыртып турабыз. Биздин команда мүчөлөрү өз алдынча фирма ачып иштеп кеткени менен мен абдан сыймыктанам, колдоп, жардам берүүгө даярмын. Буга алар бизде окуп, үйрөнүп, өнүгүп кеткени себеп деп ойлойм”.
Кыргызстанды чет өлкөлүк туристтерге таанытып, биздин мекендештерди башка мамлекеттер менен тааныштыруудан тышкары Жамилянын ишмердүүлүгү экономикага салымын кошуп келет:
Кыргызстанды чет өлкөлүк туристтерге таанытып, мекендештерди башка мамлекеттер менен тааныштыруудан тышкары Жамилянын ишмердүүлүгү экономикага салымын кошуп келет:
“Биздин команда абдан чоң айдоочулардан баштап, гиддер, турлидерлер. Алардын баарын жумуш менен камсыз кылып, салык төлөп келебиз. Андан тышкры ар кандай мейманканалар менен кызматташабыз. Мунун баардыгы өлкөбүздүн экономикасына болгон салымыбыз деп эсептейбиз”.
Мындай чоң команданы жетектеп иш алып баруу үчүн Жамиля өзүн дайыма өнүктүрүп келет:
“Мен дайыма тренинг, мастер-класстарга катышып турам жана сөзсүз саякаттайм. Себеби бир турду кардарларга сунуштоо алдында мен анын сапатын өзүм текшерип чыгышым керек. Ар бир саякатт адамдын көз карашын өзгөртөт.
Бул абдан керектүү жана маанилүү деп эсептейм. Себеби, жаңы өлкө биздин көз карашты өзгөртөт.Мага Кыргызстанда жашаган жагат. Башка мамлекеттен жаңы нерсени үйрөнүп келип, аны бизде колдонсо болот. Мен көптөгөн өлкөлөрдө болгом, алар бири бирине окошошпойт. Саякаттоо анчалык өтө кымбат эмес, аз акча менен дагы саякаттоону үйрөнсө болот. Эң башкысы кыялданып, акча топтоо керек. Бул нерсе үчүн өзүбүз алдыга умтултуп турабыз. Азыр бул жеткиликтүү эле нерсе себеби “горящий турлар, кызыктуу сунуштар, бөлүп төлөөлөр” бар”.
Айына 9 миң сомго эле саякатка барып келүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө Жамиля айтып берди:
“Мисалы: арзан баага “горящий тур алып”, аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүк жок болсо, эс алып келип анан ай сайын акчасын бөлүп төлөө варианты бар. Ал учурда кардар 70% үнөмдөйт” деп сөзүн жыйынтыктады.
Айгуль Сакеева