Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата волейбол боюнча мекеме-ишканалар арасында ири мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 17 команда катышты.
Жалпы байге фонду 50 миң сомду түзүп, спорттук мелдеш Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин жана Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин спорттук залында өткөрүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.
Сыйлоо аземинде сөз сүйлөгөн район прокурору Уланбек Тагаев кийинки жылы Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата волейбол мелдеши уюштурулаарын жана анын байгесине 100 миң сом коюулаарын баса белгиледи.
Барчын Мамытбекова