Токтогул районунун Терек-Суу айылында “Апамдын каттамасы” аттуу чакан кафе ачылды. Каттама менен чай иче турган жерди айылдын тургуну Калбү айым ачты.
«Жайында эс алганы үй-бүлөм менен көлгө бардым. Ысык- Көлдөн келе жатып Кемин районунда жол боюнча жайгашкан “Апамдын каттамасы” деген кафеге кирип, чай ичип калдык. Ошол жерден жеген каттама мага аябай жакты. Алар бизге каттаманы ысык чай жана жаңы чыккан каймак менен берди. Каттаманын даамын өзгөчө кылып даам берген каймагы болду. Ошол күндөн баштап ошол даам тандайымдан кетпеди. Үйгө келгенде ошол жердегидей кафе ачайын деп ойлондум. Каттаманы илгертен бери чоң апаларыбыз жасап келишкен, азыркы убакта коп жасалбай калгандыктан, унутта калып баратат, көбүнчө аш-тойлордо эле жебесек коп жасалбай калды. Ал убакта апаларыбыз сары май кошуп даамын өзгөчө кылып жасап келишкен».
Ошол мезгилде Чоң-Арык айылына калктын жашоо шартын жакшыртуу негизинде Гүлсана Абытова “Жаратман” долбоорунун алкагында семинар уюштурган. Долбоордун максаты — туризмди өнүктүрүү жана кол өнөрчүлүктү жайылтуу болгон. Калбу айым семинарга катышып, уштуруучулар тарабынан боз үйдү колдоо иретинде алган. Ошол учурдан тарта боз үйдү айылдын четине тигип, каттама жасап, сата баштаган.
«Кардарларым көбөйгөнүнө байланыштуу Терек-Суу айылынан ижарага жер алып, «Апамдын каттамасы» деген кафе ачтым. Бул чакан кафени ачканыма күйөө балам каражат жагынан жардам берди. Буюрса, иштерим жакшы жүрүп жатат, кардарларым көбөйө баштады. Көчүнчө күз маалында аш тойлор көп болгондуктан, буйрутмаларды да аз-аздан кабыл ала баштадым. Алган кардарларым жакшы ой-пикир сунуштарын билдирип жатышат. Элдин оюна, купулуна толоорлук кылып жасаганга аракет кылып жатам. Менин бала кезимде апам жасачу эле, ошонун артынан үйрөнүп, азыр башка түрлөрүн өздөштүрүп атам»
Калбу айым келечекте өзү жер алып чакан ишканасын кеңейтүүнү каалайт. Жумушчулардын санын көбөйтүп, башка дагы жети айылды “Апамдын каттамасы” менен той аштарга, жашылыктарга жеткирсем деген ою бар. Айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылып, элине өз салымын кошуп келүүдө.
Кыргыз элинин улуттук тамак ашы жоголбой, кийинки муундарга жетсе деген изги тилеги бар. Анткени, азыркы убакта балдар жеңил, зыяндуу тамак аштарга көбүрөөк басым жасап жатышат.
Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова.