Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылына 160 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Сметалык наркы 169,0 млн турган бала бакча республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда 30% жумуш аткарылды.

Кош-Дөбө айылындагы «Калыйкан апа» бала бакчасынын башчысы Айгүл Чылымованын айтымында аталган айылдагы бала бакчанын имараты толук мамлекеттик стандартка жооп бербейт,бөлмөлөрү тардык кылат, эмчи айым отурган бөлмө, кир жууй турган бөлмө жок, балдар уктоочу бөлмөлөр тар жана жетишсиз, ашкана дагы кичине. «Айыл район боюнча эн чон айыл. Бала бакчада маданий массалык тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө ынгайсыздыкты жаратат, анткени 2 корпус эки жакта жайгашкан. Учурда мекемеде 56 жаш жеткинчек тарбияланып жатса, дагы ушунча бала электрондук кезекте турат» -дейт А.Чылымова.
Даярдаган: Б.Мамытбекова