Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин окуучуларына Москва шаарында кийимдер дүкөнүн ачкан ишкер Айжамал Адылова тууралуу презентация өткөрүлдү.
Презентацияда чет өлкөдө миграцияга кеткен жердештерибиздин ийгиликке жетишүү боюнча тажрыйбасы жөнүндө сөз болду. Окуучулар ишкер айымдар чет өлкөдө тейлөө кызматтарында иштөө менен чектелбестен, өздөрү каалаган ишти өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билишти. Ошондой эле, катышуучулар чет жактарда туугандары, тааныштары эмгектенип жүргөнүн айтышты.
Айжамалдын өжөрлүгү, эмгекчилдиги жана умтулуусу окуучуларга чоң таасир калтырды. Ишкер айым ар кыл тармактарда иштеп көрүп, бирок өзү эңсеген ишти тандап жана аны өркүндөтө алганы зор жетишкендик болду деген ойлору менен бөлүштү окуучулар.
Белгилей кетчү нерсе, аялдардын чет өлкөдө бизнеске ийгиликтүү катышуусу көбүнчө билимине, иш тажрыйбасына, тил билүүсүнө жана мыйзамдарды жакшы билгенине жараша болот. Мамлекеттик жана коомдук колдоо аялдардын бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга да салым кошо алат.
Венера Шонкоева