«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Бүгүнкү эфирде “Элеттен башталган бизнес” деген тема талкууланат.
Айымдар бүгүнкү эфирде аймактарда туруп эле ишкерлик менен алектенүүнүн оң жана терс жактары, мүмкүнчүлүктөрү менен кыйынчылыктары жөнүндө сөз кылышты.
“Кыйындын”катышуучулары:
• Аксана Байматова — Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты, мугалим;
• Айзада Нурпазыл кызы — Өзгөн районунун Ийри суу айылдык кеңешинин депутаты;
• Ранахан Мадимарова — Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз
Ранахан Мадимарованын айтымында элеттен эле бизнес баштап өлкөнун башка аймактарына чыгарууга болот.
«Мен өзүм банк тармагында иштейм. Көбүнчө насыяларды ишкердик баштоо үчүн алышат. Мисалы бир кардарым насыя алып өзүнүн кичинекей ишин баштаган. Ал колго пельмен, мантыларды жасап өз бренди менен чыгарып жатат. Бүгүнкү күндө сатыкка чыгарып, бир эле айыл ичи эмес Кадамжай шаарынын дүкөндөрүнө да коюп жатат. Инстаграм аркылуу эле өз ишин жүргүзөт. Жалпысынан алсак насыя алуу үчүн айымдар келет. Мындан тышкары, аймактагы айымдарыбыз ар кандай чет өлкөлүк дорбоорлорду да тартып келип ишкердик кылышууда», — дейт ал.
Сөзгө кошулган Айзада Нурпазыл кызы ааламга жол айылдан башталгандай эле, бизнеске да жол элеттен башталат деп айтса болорун кошумчалады.
Нурпазыл кызынын баамында учурда элеттегилер ар тармакта ишкердик кылып жатат.
«Биздин айылда көбүнчө мал чарбачылыгы менен алек болушат. Андан тышкары кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк, полуфабрикаттарды жасоо менен алек болуп киреше табууда. Мисалы өзүм тоок багуу жаатында иш алып бардым. Ошондой эле ар кандай долбоорлордун арты менен ишкердик боюнча бир топ билимдерди алдык. Бул өтө маанилүү. Андай окууларда жаңы идеялар көп келет. Мисалы мага жаңгак боюнча жакшы ой келди, себеби бизде жаңгактарды терип туруп эле базарга алып барып дүң баада эле сатып жиберишет. Эмне үчүн биз өзүбүздүн сырену башкаларга берип коюшубуз керек. Балким өзүбүз аны жасалгалап, таңгактап, жарнамалап сатсак андан да кымбатыраак сатмактырбыз», — деди ал.
Ал эми Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Аксана Байматова ишкердик жүргүзүүдө финансылык сабаттуулук өтө чоң ролду ойнойт. Ал көп убакыттан бери бул жаатта аймдарга билим берип келет.
«Менин командамда 300дөй адам бар, эртең менен таңкы 5те туруп аларга сабак өтүп келет. Негизи бизнесте 20 пайыз техника болсо 80 пайыз психология болуусу керек. Айымдардын аң-сезимин өстүрүү үчүн эң биринчи билим алуу керек. Айрым айымдар ойлошот, «бизнес башташ үчүн акча керек» деп, а бирок ишкердикти баштоого алгач каалоо керек. Алгач адам өзүн өзү камчылаш керек, тартип абдан маанилүү», — дейт ал.