Кочкор районунун Чолпон айылынын «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гулира Сатарова 9-10-11-классынын окуучуларына презентация жасады. Анда «Соң-Көл» медиа тарабынан даярдалган «Новосибирск шаарында ар улутту бириктирип, медициналык борбор ачкан Клара Курбанова» жана «Ак-Талаалык Нурзада Германияда IT тармагында иш алып барат» аталышындагы макалалар көрсөтүлдү.
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучуларына бул презентациянын өткөрүлүшүнүн негизги максаты-чет өлкөлөрдө жеке ишкердик менен да алектенүү мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүү. Мында «Кыргыз-Герман IT» коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири, жасалма интеллект боюнча программист-инженер Нурзада Макеева жана Новосибирск шаарында «АнДар» аталышындагы медициналык борбор ачкан Клара Курбанованын ийгиликтери туурасында айтылды.
Бул каармандар, алардын жетишкендиктери окуучуларды суктандырды.
«Программист болуу менин келечектеги кыялым. Бул үчүн Нурзада Макеева сыяктуу терең билим алуу менен көптөгөн жетишкендиктерди, ийгиликтерди багындырууну каалайм. Ал бүткөн Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырууну чечтим», — деп 9-классынын окуучусу Айткүл Кубанычбекова өз оюн билдирди. Ушундай окуучулардын бири 10-классынын окуучусу Бермет Кенжебек кызы: «Бүгүнкү презентация жеке эле мага эмес бардык окуучуларга таасир тийгизе алды деп ойлойм. Сабакта жеке ишкердик менен алектенген эжелерибиздин жетишкендиктери бизди келечекте кайсыл жакта болбойлу өз кесибибиз менен ийгиликтерди жарата аларыбызга ишендирди», — деп айтты.
Акылай Болотбекова