Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «Ордо» муниципалдык жаштар борборунун ыктыярчылары 1-май «Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин» күнүнө карата «Биз таза шаар үчүн!» аталышындагы тазалык акциясын өткөрүштү.
Иш-чара БУУ жана UNICEF эл аралык фонду каржылап, Youth of Osh коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаратман Жаштар» долбоорунун алкагында «Жардам канаты-Крыло помощи» командасынын демилгеси менен уюштурулду. Ага жыйырмадан ашык адам катышып, көлдүн жээгиндеги таштандыларды чогултушту.
Тазалык акциясынын максаты-таштанды көйгөйү жана айлана-чөйрөнүн булганышы боюнча калктын экологиялык маданиятын жана маалымдуулугун жогорулатуу. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы «Ордо» муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Абилбийхан Каныбеков билдиргендей, акция көчөлөрдө, парктарда, аллеяларда, көл жээктеринде, аянттарда, эс алуучу жайларда, коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, ошондой эле коомчулуктун экология көйгөйүнө көңүл бурууга жана жаратылыштын тазалыгын сактоого багытталган.
Адилет Курманов