Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалдан улам билим берүү системасы онлайн режимге өткөндүгү баарыбызга маалым. Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда оффлайн түрүндө болору белгилүү болду. Мектеп окуучуларынан жаңы окуу жылына карата даярдыктарын сурап көрдүк.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров орто мектебинин окуучусу Айчүрөк Сапаркулова быйылкы жылы салттуу билим берүү башталарына кубанганын билдирди:
”Жаңы окуу жылына маанайым соонун, анткени биз салттуу түрдө окумай болдук, жеке мен үчүн абдан сонун жанылык. Жаңы окуу жылына даярдыгым абдан жакшы. Себеби, биз бир класска өйдө көтөрүлдүк. Жаңы кире турган сабактар мурунку жылкы сабактарга караганда бир топ кыйыныраак жана таталыраак. Ошондуктан мен быйыл өзүмө жана башка окуучуларга ийгилик каалайм.”
Аты аталган мектептин окуучусу Дилбара Дуулан кызы төмөндөгүдөй ой пикирин билдирди:
”Былтыркы окуу жылына караганда даярдыгым жакшы. Мектебимди, мугалимдеримди жана эң башкысы классташтарымды, досторумду сагындым. Быйылкы окуу жылы салттуу түрдө башталарына абдан кубандым. Онлайн окуу баарыбир деле салттуу билим берүүгө жетпейт экен.”
8-класстын окуучусу Илгиз Сагындыков:
“Мен мектепке барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Мурунку окуу жылдарына караганда даярдыгым жакшы. Жаңы окуу жылы мага негедир өзгөчөлөнүп жатат. Себеби, биз бир класска өйдөлөдүк . Классташтарым кандай өзгөрүлдү, алдыда кандай сабактар кирет ошонусу менен өзгөчөлөнүп жатат.”
Кусейин Марат уулу