Өкмөт жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоону айтты. COVID-19 илдети күч алгандыгына байланыштуу айрым мугалимдер вакцина ала баштады. Жалпы Суусамыр орто мектебинде 55 адам эмгектенет. 432 окуучу билим алат.
Суусамыр орто мектебинин директору Азамат Кашкариев учурда үч мугалим вакцина алгандыгын билдирди:
Азамат Кашкариев- мектеп директору
«Окуу салттуу түрдө башталса бардык мугалимдер гана эмес ата-энелер дагы вакцина алышы керек. Бул тууралуу дагы Суусамыр орто мектебинде иштеген техникалык адистерди чогултуп, Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Каналбекович жана санитардык врачтар менен биргеликте вакцина алуу боюнча жыйын уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Биринчилерден болуп мектеп мүдүру мен эмдөө алдым, абалым жакшы. Учурда 3 техникалык адистер эмдөө алды. Айрым мугалимдер COVID-19 илдетине чалдыккандыгына байланыштуу вакцинаны 3 айдан соң гана ала алат. Кээ бир мугалимдер дарыгерлердин көзөмөлдөөсү менен ден- соолуктарына байланыштуу вакцина алууга болбойт экендигин айтышты».
Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Жазгүл Тыныбекова вакцина алууда өз ден- соолугунан кооптонуп жаткандыгын айтты:
Кыргыз тили жана адабият мугалими Жазгүл Тыныбекова
«Мен вакцина алган жокмун. Себеби, ден- соолугуман кооптонуп жатам. Анын үстүндө эмдөө алгандан кийин ден- соолугума эч ким кепилдик бере албайт да».
Ал эми география мугалими Самат Аргынбаев вакцина алууда бир жыйынтыкка келе албай жаткандыгын төмөндөгүчө айтат:
Суусамыр орто мектебинин география мугалими Самат Аргынбаев
«Мен дагы бул илдет менен алыштым. Доктурлардын айтуусунда COVID-19 вирусуна чалдыккандан кийин эмдөөнү 3 айдан соң гана алууга болот дешти. Вакцина алууда бир жыйынтыкка келе албай жатам. Балким интернет айдыңында тараган негативдүү, туура эмес маалыматтардын таасири окшойт. Учуру келгенде көрөбүз».
Ошондой эле музыка мугалими Нүргүл Алиаскарова вакцина алууну өз чечими менен кабыл алгандыгын, башка мугалимдерди үй- бүлөсүнүн, балдардын коопсуздугу үчүн эмдөө алганга чакырат:
Суусамыр орто мектебинин музыка мугалими Нүргүл Аляскарова
«Мен дагы интернет айдыңында тараган жалган маалыматтарга ишенип жүргөм. Бирок вакцина алуу чечимин өзүм кабыл алдым. Ар бир адам үй-бүлөсүнүн, балдардын коопсуздугу үчүн вакцина алышы керек деп ойлойм. Менде вакцина алгандан кийин эч кандай алсыроо, баш оору сыяктуу реакция деле болгон жок. Экинчи эмдөөнү 2-сентябрда алам».
Суусамырдагы жаңылыктарды бул жерден окуңуз
Айдана Токтобекова