Жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоону эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам эң алгач 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.
Майрамдын максаты балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу маалымдоо. Бул күн ошондой эле зомбулук көргөн жана укуктарынын бузулушунун курмандыгы болгон балдарды колдоо жана коргоо максатын көздөйт.
Бул майрамдын өзгөчөлүгү Балдарды коргоо күнүнүн өзүнүн желеги бар. Желек жашыл түстө болуп, өнүгүүнү, сергектикти, гармонияны символдоштурат. Желектин ортосундагы Жер бул жалпы адамзатынын үйү. Жер белгисинин айланасында жайгаштырылган адамдын фигуралары ар кандай түстө берилген. Себеби, жер бетинде жашаган адамдардын көп түрдүүлүгүн, сабырдуулугун жана биримдигин билдирет.
Балдарды коргоо күнүнүн желеги
Балдарды коргоо күнү айрым мамлекеттерде 20-ноябрь күнү белгиленет. 1954-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы бардык өлкөлөргө Балдарды коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөөнү сунуштаган, ал ошондон бери белгиленип келет.
2013-жылдан тарта 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк ата-энелер күнү катары да белгиленет, анткени ар бир бала үй-бүлөлүк камкордукка, көңүл бурууга жана мээримге муктаж.
Жыл сайын бул майрамдын урматына Кыргызстандын бардык аймактарында балдарга арналган иш-чаралар, салтанаттар уюштурулат.
Биздин планетада балдардын саны 2,2 млрд түзөт. Анын 2 млрдга жакыны өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашайт. Изилдөөлөр боюнча жыл сайын болжол менен адамдардын саны 82 миллион адамга көбөйөрүн жана секунд сайын дүйнөдө орто эсеп менен 2,6 бала төрөлөөрү аныкталган.
Ынтымак Таштанов