Фарида Кадырбекова англис тили сабагынын мугалими. Ал балдар менен иштешүүдө алардын ар бирине көңүл буруп, сабакка кызыгуусун арттырууну максат кылат. Фарида окуткан окуучулар 2018-жылдан бери англис тили боюнча олимпиадалардан алдынкы орундарды багындырып келүүдө.

Фарида Кадырбекова окуучусу менен
Фарида Кадырбекова чет өлкөнүн программаларын көп колдонот. Ал мектеп программасы менен катар эле практикага басым жасап келет. Чет тилин үйрөнүүдө бир гана программасын өздөштүрүү жетишсиз экенин баса белгилейт:
«Оксфорддун программалары менен иштешем, андан кийин аудиограмма, сүйлөгө көп басым жасайм. Англис тилинде «spеаking» деп коёт. Мектепте окуган окуучулар эч ким англисче сүйлөп чыкпай жатат, анткени мектепте программа эле берилет ал эми сүйлөшкөнгө балдардын саны көп, ар бир бала менен отурганга убакыт жетишпейт. Ал эми курста окуучунун саны аз, иштөөгө да ыңгайлуу. Ошол себептен жакшы жыйынтык көрсөтө алабыз. Азыркы учурда менин көбүнчө окуучуларым Америкада билим алышат.»
Фарида Кадырбекованын айтымында азыркы учурда окуучулар гана эмес ата-энелер да кызыгышууда, анткени англис тилинин орду канчалык экендигин ар дайым сабак учурунда окуучуларга жеткирүүгө аракет кылат. Анын курсунда онлайн дагы, оффлайн дагы окутуулар бар.
«Мурунку жылдарга салыштырмалуу ата-энелердин да кызыгуусу күчөдү. Каалоочулар да абдан көп. Кээ бир 3-класста окуган окуучуларым сурайт да неге биз англис тилин окуйбуз башка тил окусак болбойбу деп. Картаны ачып көрдүңөрбү, кичинекей эле Великобританияны, ушул жер англис тилинде сүйлөйт ушул тил дүйнөлүк тил, бүт дүйнө жүзү сүйлөйт ошол үчүн биз 3-класстан баштап окуп келебиз деп түшүндүрөм.

Англис тилине кызыккан окуучуларга талыкпаш керек кызыгууну жоготпош керек жана жалкоолукту түйүнчүккө түйүп, жерге жети метр көмүп коюп иштеш керек деп айтат элем. Анткени көбүнчөсү англис тилди бир айда эле үйрөнүп коём дейт экен, бул реалдуулука жатпайт, буга талыкпаган эмгек керек жана жакшылап тереңдетип окушу керек.»

Англис тилине кызыгып окуп үч жылдан бери курска барып жакшы натыйжа көрсөтө алган Жоодар Талантбеков келечекте англис тили менен кыялдарын орундаткысы келет:
«Менин курска барып жатканыма үч жыл болуп калды. Атам мага айтпай туруп жаздырып койгон экен. Окуум абдан жакшы натыйжа бере баштады. Азыр чет өлкөлүктөр менен кыйналбай сүйлөшө алам. Анан дагы ушул жылы райондук олимпиададан 2- орунду алып келдим.»
Англис тилин үйрөнүүдө негизги 5 баскыч бар. Биринчи баскычта көбүнчө грамматикага басым жасалат. Экинчи баскычта сөздөрдү аябай жаттоо, текстерди окуп түшүнүү. Үчүнчү жана төртүнчү баскычта татаал грамматиканы өздөштүрүү. Бешинчи баскычта сүйлөшүү, фразаларды жаттоо, дикция менен сүйлөгөндү үйрөнүү. Жоодар чет тилдерин үйрөнүп алып дүйнө кыдырууну самап келет. Ал талыкпаган эмгегинин үзүрүн көрө баштаган. Ал англис тилинде эркин сүйлөөгө жетишкен.
«Дүйнө кыдыргым келет. Өзгөчө АКШны. Ошол жакта окуп жана иштегенди каалайм.
АКШы бизден 100 жылга алдыдагы мамлекет. Мен дагы биздин Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп, жакшы жакка өзгөртөм деген максатым бар. Айткандарым кыял бойдон калбаш үчүн аракет кылып атам. Аракет жок болсо кыялдан эч нерсе чыкпайт. Каалоосу бар адам гана койгон максатына жете алат, каалоосу жок болсо акыры жашоонун чокусунан кулап түшөт», -дейт Жоодар.
Азыркы учурда англис тилинин орду аябай чоң. Англис тилин үйрөнүү менен көптөгөн өлкөлөргө чыгууда кыйналуу болбойт.
Баяна Кадырбекова