26-январь күнү Капар Кыдыралиев жана Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектептердин мектеп парламенттеринин өкүлдөрү жолугушу өткөрүштү.

Эки мектептин парламент мүчөлөрү жана мектептептин тарбия иштери боюнча уюштуруучулар, социалдык педагогдор менен бирге жолугушуп, алдыдагы пландар тууралу ойлору менен бөлүштү.

Бул жолугушуунун негизги максаты тажрыйба алмашуу, лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүрүү жана мектеп аралык кызматташууну чыңдоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар парламенттин ишмердүүлүгү, уюштуруп жаткан иш-чаралар, окуучулардын укук-милдеттери жана мектептеги активдүүлүктү арттыруу боюнча ой пикирлери айтышты. Ар бир мектептин парламент мүчөлөрү өздөрүнүн жетишкендиктери жана алдыдагы пландары менен презентация жасады. Ошондой эле окуучулар арасында достук мамилени бекемдөө, ынтымакты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай жолугушууларды мындан ары да улантуу керектигин белгилешип, тыгыз кызматташууга макул болушту. Бул жолугушуу окуучулардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө чоң салым кошту.
Канайым Мирланова, Мадина Тилекова