Суусамыр айылынын тургуну Айдана Солдатбековна бул кесипти аркалап келгенине 9 жыл болду. Азыркы күндө өз сулуулук салонун ачып эмгектенип келет. Каш жасоого башынан элек кызыкчу. Алгач мектепти аяктаган соң, сулуулук салонуна курстарга жазылып, каш жасоону үйрөнө баштап, кийин жыл өткөн сайын каш жасоонун дагы техникалары өзгөрүп, ар кандай методдор менен жасоо мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңири колдону келет. Учурда табигый сулуулука басым жасалып жаткандыктан, ошол техниканы аркалоо үстүндө эмгектенип келет.

Теневая растушевканы жасаткандан кийин кайра өчүрсө болобу?
Ооба албетте болот, жогоруда айтылгандай эле азыркы учурда техикалардын өнүгүүсү менен методдору дагы ар кандай, эң эле эфективдүүсү лазер менен өчүрүү. Бул процесс он минута аралыгында, эч кандай оорутпастан, толук өчүрүп койот.
Каш жасатууда адамдын кандайдыр бир красскага же колдонулуп жаткан антисептикалык керектөөлөргө аллергия болуусу мүмкүнбү?
Жок андай болушу мүмкүн эмес, себеп дегенде шаймандар толугу менен антисептикалык спирт менен тазаланат. Жана ар бир кардарга жаңы ийне өзүнүн көзүнчө ачылып жасалат, жана толуктай кетчү нерсе каш жасоодо гигиенаны толук сактоо өтө манилүү экендигин дагы унутпашыбыз керек.
Кайсы учурда адамда каш жасатууга болбойт?
Негизи каш жасатуу эгерде кардардын боюнда бар болсо биринчи триместрде жасалбайт, жана кант диабети менен жабыркап келген болсо дагы болбойт. Жана ошондой эле айымдарга этек кири келип жаткан кезде жасатуу сунушталбайт, себеп дегенде өңү көпкө кармабай калышы мүмкүн.
Каш жасатууда эмнеге маани берүү керек?
Каш жасатууда албетте адамдын бетинин формасына жараша каштын формасы тандалат, кийинки кадам бул каштын өңү. Себеби каш бул адамдын көркү деп эсептейм, ушул себептен улам, каш жасатууда туура мастерди жана өзүңүзгө жараша турган форманы тандап алуу өтө маанилүү.
Каш жасатып буткөн соң, кандай кылып кароо керек?
Каш жасатып бүткөндөн кийин каш карттанып биринчи катмары сыйрылып түшөт. Бирок андан коркуп чочуунун кереги жок, ошондой болуусу керек. Ошол маалда баняга тушпөй кашка суу тийгизбей туруу өтө маанилүү. Жана ошондой эле жасап бүткөндө өзүнүн сүйкөп туруучу майлары болот, ошолор менен туура кам көрүп туруу керек. Эгерде мастердин айтканы менен ошол мезгилде туура кам көрүа койсо өңү көп убакытка чейин сакталат.
Каш мастери болууну кыялданып жургөн кыздарга кандай кеңеш берет элеңиз?
Каш мастери болуу биринчиден өжөрлүктү, жоопкерчиликти талап кылат. Негизи эле оңой кесип жок да, ошол себептен бул кесиптин дагы өзүнүн кыйынчыктары бар. Бирок эгерде ошол мезгилде жалкоолукту таштап өжөрлүк менен жакшы адис болуп алса, бул каражат табууга жакшы кесип деп айта алам.
Маегиңизге рахмат!
Айдай Сагынбаева