Жайыл районунуа караштуу Суусамыр айылында, Суусамыр айыл өмөтүтүн Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Асель Абдыкулова айым менен маек курдук:

Суусамыр айылында аялдар мурдагыдай эле 45 жаштан пенсияга чыгышабы ?
<Ооба пенсия мурункудай эле аялдар 45 жаштан чыкса, эркектер 55 жаштан пенсияга чыга алышат Пенсияга чыгуу үчүн кандай документтерди чогултуу керек ?
Негизи бизде, Суусамыр айыл өкмөтүндө Соцфонд жок болгондуктан бизде пенсияга чыгуу үчүн документтер кабыл алынбайт. Тактап атйканда биз Социалдык коргообуз . Бирок эгерде Социалдык фонд тууралуу
маалымат керек болуп жатса, биз сөзсүз түрдө жол жобосун айтып, түшүндүмө беребиз жана керектүү жака жиберебиз. Себеп дегенде айрым маселелер райондон гана бүтүрүлөт.
Эгер адам иштебеген болсо пенсияга чыга алабы ?
Оба сөзсүз чыга алат мындай учурда ал жаран СОЦ пенсионер болуп чыгат, мындай учурда аялдар 60 жаштан өйдө, ал эми эркектер 65 жаштан чыга алат. Эгерде иштебей пенсияга чыгам дегендердин арасында баатыр эне болсо алар 55 жаштан чыга алышат. Бирок толуктай кетчү маселе СОЦ пенсионерлердин пенсиясына каражат кошулбайт, тактап айтканда эгереде эмгек акы менен чыккан адамдардын пенсиясына жыл сайын кошумча каражат кошулуп, көбөйүп турган болсо, СОЦ пенсионерлердин пенсиясы башында канча сумма менен чыкса, ошол каражат менен калат.
Суусамыр айылында гуманитардык жардам кандай адамдарга каралат?
Негизи гуманитардык жардам биринчи же экинчи группадагы майыптыгы бар адамдарга гана берилет.
Азыр бала үч жашка чыкканга чейин мамлекет тарабынан ай сайын пособия ала алышат деп угуп жатабыз, ошол тууралуу кенен айтып берсеңиз ?
Ооба бул 2026-жылдын январь айынан баштап төлөнүп баштайт. Бул “Бийик тоолу аймакта жашаган тургундарга көмөк акча” деп бул жылы башталды. Бул каражат бийик тоолу аймактарда жашаган жана өзгөчө статусу бар жерде жашаган адамдарга гана берилет. Каражатты алуунун шарты боюнча жаран сөзсүз түрдө айтылган жерде жашашы керек, бул сөзсүз түрдө текшерилет, ошондой эле үч же андан көп балалуу жашы үчкө чыга элек бала. Бала үч жашка толгондо төлөм токтотулат.
Көп балалуу үй-бүлөлөргө айыл өкмөт тарабынан кандай колдоо бар?
Беш баладан өйдө көп балалуу үй-бүлө статусуна ээ болот. Анан ал бетте көп балалуу үй-бүлөлөргө, айыл өкмөт тарабынан жардам берилет, бирок толуктай кетчү маселе, жарандын жашоо турмушуна дагы байланыштуу. Анын дагы өзүнө тийиштүү процедуралары бар. Эгер ошол критерийлерге туура келсе АКТ түзүлүп, СОЦ паспорт деген тизмеге алынат.
Эгер үйдо ата-энеси иштебеген учурда жөлөк пул алса болобу ?
Бул учурда жарандын жашоо шарты текшерилет, бул маселнин дагы өз процедуралары бар, бирок эгерде короодо малы болсо, жана жашоо шарды жакшы болсо пособия каралбайт.
Үй-бүлөдө атасы же апасы жок балдарга айыл өкмөт тарабынан кандай колдоо бар?
СОЦ защита тарабынан 18 жашка чейин пособия төлөнөт. Эгерде бала мектепти буткөндөн кийин окуу жайына таптшырган болсо каражат бул кезде дагы төлөнүп турат. Бирок мектепти буткондон кийин окуусун ЖОЖго тапшырбаган болсо каражат чегерүү токтотулат.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган:Айчолпон Бактыбековна