Дөбөлү коктусундагы таза суунун башы кеч күздө жасалып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, кышкысын суунун башы тоңбой, суу көйгөйү чечилди. Бул тууралуу Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында айыл башчы Жолдошбек Уланбеков менен маек курдук.
Таза суу канча сомго жасалды?
Суунун башы 2 551 309 сомго жасалды. 3 км 80 метр аралыкка 90дук труба жаткырылып, Дөбөлү айылы үчүн жаңы кошумча трасса тартылды. Башкы каптаж сууну башында сайдан алынган жери менен кошо жасалды.
Кайсы компания тарабынан жасалды?
Таза суу «Нур Строй» компаниясы тарабынан жасалды.
Оңдоо иштеринин алкагында кандай жумуштар аткарылды?
Оңдоо иштеринде башкы каптаж мурда тоңуп калып, ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келген. Кудай буюрса, быйыл барып карап келдик — тоңгон жок, жакшы жасалган.
Сууну оңдогондон кийин эмне көйгөйлөр чечилди?
Мурда жайында жана кышында эл сууну көп пайдаланган учурда басым аз болуп, кир жуучу машиналар жана башка бытовой техникалар иштебей калчу. Азыр суу тереңдикке жаткырылып, каптаж тоңбогудай кылып жасалды.
Айыл тургундары тарабынан кандай пикирлер айтылууда?
Азырынча сунуш-пикирлер айтыла элек. Бирок оңдоо учурунда айтылган көйгөйлүү жерлер толугу менен жасалды. Ошондой эле Кабак жаңы конушуна кошумча 900 метр аралыкка суу тартылды. Жалпысы 3 км 100 метрдин ичинде аткарылды.
Оңдоодон кийин суу менен камсыз кылууда кандай өзгөрүүлөр байкалды?
Эң биринчиден, калк 100% суу менен камсыз болду, Кабак конушундагы тургундар мурда суу ташып ичишчү. Экинчиден, трубалар жакшы жаткырылып, суу басымы көбөйдү, элге үзгүлтүксүз суу берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Үчүнчүдөн, каптаж толук жасалып, суу берүүчү система тоңбогудай абалга келди.


Даярдаган: Курманбаева Айпери