Т.Кулатов айыл аймагынын Кожо-Арык айылында 35/10 кВ “Т.Кулатов” жаңы көмөк чордонунун жана 35 кВ “Абшыр-Ата – Т.Кулатов” аба чубалгысынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов, Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы, энергетиктер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Лента кыркылып жаткан учур
Долбоордун негизгизинде — 110/35/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордонунан чыккан узундугу 55 км болгон 10 кВ “Абшыр-Ата ” фидериндеги 97 трансформаторго туташкан 3626 абоненттин ичинен 1820 абонентти жаңы курулган 35/10 кВ “Т. Кулатов” көмөк чордонунан электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Ачылыш аземдин катышуучулары

Таалайбек Ибраев
Ноокат районунун акими: Данияр Шейшекановдун айтымында, буга чейин айыл аймакта электр энергиясынын кубаттуулугу төмөн болуп, калк үчүн олуттуу көйгөй жаратып келген.

Данияр Шейшеканов
«Бул жаңы көмөк чордону ишке берилгенден кийин Абшыр-Ата Кожо-Арык, Кош-Добо жана Баглан айылдары сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болду. Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 15 млн 416,2 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2 млн 492 миң 420 сом каражат бөлүнгөн. Натыйжада 1820 абоненттин электр камсыздоосу жакшыртылып, тармактагы жүктөм жана техникалык жоготуулар азайды,» — деп билдирди.


Айыл өкмөт тарабынан берилген ыраазычылык каттар.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева