Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Шейшеканов Данияр Турдубекович, Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кааров Батырбек Дыйканбаевич, Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар жана Т. Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы Рустамов Кеңеш Т. Кулатов айыл аймагына караштуу Каримберди айылында курулуп жаткан сугат каналынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө жетекчилер аткарылып жаткан иштердин сапаты, мөөнөтү жана долбоордун айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү мааниси тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Каримберди айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлүп, сугат каналынын курулушуна байланышкан сунуш-пикирлер угулду.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар жаңы сугат каналы айдоо жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртып, дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Жетекчилер курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

Айыл тургундары менен жолугушуу учурунда
Т.Кулатов айылынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев:

Абсатар Эшимбаев
«Учурда узундугу 16 чакырымды түзгөн каналдын курулушу активдүү жүрүп жатат. Аталган канал пайдаланууга берилгенден кийин 2 миң гектарга жакын айыл чарба жери сугат суу менен камсыз болуп, суулуу аймакка айланат. Бул өз кезегинде дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Жолугушууда жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, сугат сууну сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү маселелери талкууланды. Айыл тургундары өз сунуш-пикирлерин билдирип, берилген суроолорго тиешелүү жоопторду алышты,» — деп билдирди.

Каримберди айылындагы канал

Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева