Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундары жыл сайын койлорду купкага салышат. Бул жылы жаз жыйырма күнгө эрте келгендигине байланыштуу жайлоого эрте кетип жатышат. Бүгүн эртең менен айылдын малдарын купкага салышты.
Купка АРИС проектиси менен 2017- жылы Чолпон айыл өкмөтүнө келген. Ветклиника купканын жанында да бар. Койлорду эки мезгилде купкага салышат. Жаз алдында тоого чыгаруунун жана күздө тоодон түшөрдө салышат. Купкага салышынын себеби койлорду котур жана башка ооруларды жуктурбоонун алдын алуу.
Кусейин Марат уулу, Сильвара Төлөбекова, Айчүрөк Сапаркулова