Кыргызстанда 9 миллиондон ашуун гектар жайыттар бар. Мамлекетибизде деградацияга учураган 60% жайыт жерлери такырланган деп айтып келишүүдө. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы 50 миңге жакын гектар жайыттары бар.
Бул аймакта жайыттарынын жыл мезгилине карата пайдалануусу: кышкы жайыттар 8 миңге жакын гектар, жазгы, күзгү жайыттар 26 миңге чукул гектар бар. Жайкы жайыттар 15 миң га жайытты түзөт. Эмне үчүн Кыргызстанда жайгашкан жайыттар такырланууга дуушар болууда, эколог Каныбек уулу Арген, бул маселе жөнүндө оюн мындай деп билдирди.:
«Кыргызстандын жайыттарынын начарлап жатканынын, бир нече себептери бар. Эң башкысы, жайыттарды рационалдуу пайдалануу болбой жаткандыгы. Элдердин малынын кескин түрдө көбөйүп кетиши. Ата-бабаларыбыздын жайыттарды пайдалануудагы салттуу билимдердин унутта калышы. Алыскы жайыттарды пайдаланбаганы үчүн, жайыттар начарлап жатат.
Жайыттарды жакшыртуу жана такырланууга жол бербөө үчүн, малдардын породасын жакшыртуу керек. Жакшыртуу менен бирдикте, малдын санын азайтып, алыскы жайыттарды туура колдонуу жана которлоштуруп пайдалануу зарыл»,- дейт эколог.
Жайыттарды сактап калуу үчүн өлкөбүздө 2009-жылы «Жайыт мыйзамы» чыккан. Ушул жылдан баштап мамлекетте 454 жайыт комитеттери уюштурулган. Жайыттарды жакшыртуу боюнча ар кыл иштер жайыт комитеттери тарабынан аракет кылынып келе жатат.
Чолпон айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Урмат Өмүрбековдун айтымына караганда жайыттарды сактап калуу үчүн, кандайдыр бир деңгээлде, жайыттарга малдарды которуштуруп жаюу, жана жайыттарды эс алдыруу керек.
Азыркы убакытта жайыт комитеттер, ата бабаларыбыздын жайыт пайдалануудагы салттуу билимдеринин ыкмаларын колдонуу менен, жайыттарды туура пайдалануу, малчы-чабандарга ошондой эле айыл тургундарына, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө.
Жайыт комитеттеринин аракеттери менен, ички жана тышкы инвесторлордун жардамы менен, жайыт пайдалануучуларга ар кандай окуутууларды, жана тренингдерди, жайыт пайдалануу ыкмаларын жана инфраструктураларын калыбына келтирүү иштерин алып барууда.
Жалпы жайыт пайдаланучуулардын сунуштарын талкуулап айылдык кенештин чечими менен кабыл алынган «Жамааттык башкаруу жана пландоо» документинин негизинде иш алып барып, аракет кылып келе жатабыз»,- дейт Өмүрбеков.
Жайыттарды жакшыртуу жана басымдуулугун азайтуу максатында жайыт комитетинин иш алып баруу багыттары төмөндөгүдөй. Алардын ичинде: жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, жайыттарды которуштуруп пайдалануу. Малдардын ден соолугун чыңдоо , малдардын асылдуулугун жогорулатуу.
Жайыт комитетинде жайыттарды жакшыртуу боюнча бюджет бөлүнүп турат. Ушул жайыттардын инфраструктурасын ошондой эле жайыттарды жакшыртууга өзүнчө беренелер каралган. Мисалы, былтыркы жылы ошол жайыттардын инфраструктурасын оңдоого өзүбүздүн элдик салым катарында 300 миң сом каралган.
Ошондой эле жайыттарды жакшыртууда «ИСУР» коомдук фондусу менен 4 жылдан бери тыгыз иш алып барылууда. Ушул фондунун жардамы менен жайыт пайдалануу ыкмаларын салттуу билимдерин, үйрөтүү менен Кызарт өрөөнүндөгү үч жылдык мөөнөткө 10 миң гектар такырланган жайыттарды калыбына келтирүү максатында эс алууга калтырылууда.
Даярдагандар: Майрамбек кызы Айканыш, Токторбеков Медет, Замир кызы Гулзана, Эмилбек кызы Нурай, Калыбек уулу Аскар