Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 46 мугалим эмгектенет. Аты аталган аталган мектепте мугалимдердин дээрлик 86 пайызы вакцина алышкан.
Акназаров орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалим Мээрим Касымова вакцинация тууралуу төмөнкүдөй ой-пикирин билдирди:
“Мен алгач вакцинаны алганда эч нерсе болгон жокмун. 3-4 күн өткөндөн кийин башым ооруп, алым кетип, денем тырышкансып барып, кайра жакшы болуп кеттим. Экинчи вакцинаны алганыма бүгүн үчүнчү күн болду, колум уюгансып ооруп жатат. Негизи эле менин жекече көз карашымда вакцинаны алыш керек. Интернеттен карап, маалыматтарды окуп чыксам алыш керек экен. Калк арасында ар кандай маалыматтар тарап жатат. Кээ бири вакцина алыш керек десе, кээ бири албаш керек деген ойдо. Негизи эле карап көрсөк, ковид-19 оорусуна чейин эле турмушубузда вакцина алып эле келе жатпайбызбы. Мисалы ымыркай жаңы төрөлгөндө эле вакцина сайылат. Ошондой сыяктуу эле ооруну алдын алуу үчүн вакцина алганга көз карашым түз болду.»
Тарбия иштеринин башчысы Адил Жумаалы уулу адамдардын вакцина алуусуна көз карашы түз экенин билдирди:
“Вакцина боюнча көз карашым түз. Вакцина алган соң менде өзгөрүүлөр деле байкалбады, ден- соолугума залакасын тийгизбеди. Ден соолук биринчи байлык демекчи, өзүбүздүн ден- соолугубузду биринчи орунга коюп сактана жүрүшүбүз керек. Биз мамлекеттик жумушта иштеген соң, өзүбүздү гана эмес окуучуларыбызга, коллективге деги эле коомго залакабыз тийбеш үчүн вакцина алдым. Ар бир адам өзүн гана ойлобостон коомдогу адамдарды ойлоп вакцина алуусун талап кылат элем. Таажы вирусу бүтүндөй ааламды дүрбөлөңгө салып жатат, кээ адамдар кайдыгерлик кылып вакцина алышпайт, бет кап тагынышпайт. Биз өзүбүздү өзүбүз сакташыбыз керек. Негизинен бизде пандемияга чейин эле эмдөө маселеси көйгөй жаратып келет эмеспи. Диний жана башка көз караштардан улам эмдөөдон баш тарткан саламаттык сактоо тармагындагылардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. Анын сыңарындай азыр 50%гана адамдар вакцина алышы мүмкүн. Негизинен баардык адамдар вакцина алсын дейт элем.»
Алгебра жана геометрия сабагынан берген мугалим Сайнап Калиева төмөндөгүдөй оюн билдирди:
«Вакцина алганда алгачкы күнү эч нерсе болгон жокмун. Экинчи күнү бир аз алсызданып жаттым. Жумуш кылгандан кийин бат чарчап, тердеп, эч нерсе жасагым келбей, көңүлүм тартпай жатты. Бирок бул учур бат эле өтүп кетти. Андан кийин кайрадан калыбыма келип калдым. Ден- соолугумда аябай деле өзгөрүүлөр болгон жок, байкаган жокмун. Вакцина алуу дүйнөнү дүрбөткөн ооруну жеңүүнүн бирден бир себеби болгондон кийин, вакцина алууну туура эле кабыл алдым.”
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумакан Кожомкулова:
«Вакцина алган күнү алым кетип, шалдырап жаттым. Эртеси күнү дене табым көтөрүлдү. 2-3 өткөндөн кийин калыбыма келдим. Учурда вакцина алыш керек экендигин көпчүлүк адамдар түшүнүп калышты деп ойлойм.»
Перизат Таштанова