Сокулук районунун Орок айыл аймагында COVID менен күрөшүүдө каршы ойлорго ишенбей, эмдөө иш- чарасын улантты.
Таалайбүбү Кучуева «Жал» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси-
«Мен дарыгер катары иш алып барууда, азыркы СOVID илдетине каршы күрөшүүдө интернеттеги фейк маалыматтарга ишенип, вакцинациядан өтүүлөрүндө көйгөй жаратууда. Ошого карабастан, биз дарыгерлер вакцина боюнча тушүндүрүү иштерин алып баруудабыз»,- деп өз оюн билдирди.
Суханалиев Уланбек Орок айылдык кеңешинин жооптуу катчысы-
«COVID-19 менен күрөшүүгө, менин оюмча тоскоолдук деле жок. Илдеттен артылуу үчүн вакцина алуу керек. Мен өзүм 2- дозасын тең алгам. Өзүмдү жакшы сезүүдөмүн. Элдин интернет майданынан көрүп жаткан маалыматтар жалпысынан азыркы учурда эмдөө иш чарасына көп тескери ойлорду жана чоң тоскоолдуктарды жаратып жатат», — деди ал.
Жуманалиева Латипа Жал айылынын тургуну-
«Мен биздин аймактын дарыгерлер тобунун кызматын көрүп турам. Өзүм экинчи группадагы кант диабети менен ооруйм. Дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн. Азыркы COVID учурунда улам- улам дарыгерлердин байкоосунан өтүүдөмүн. Ковид илдети менен күрөшүүдө бир гана жолу бар, ал эмдөөдөн өтүү деп мааалыматтар менен таанышмын. Тилекке каршы азыр коомчулукта вакцина боюнча каршы ойлор көп болуп жатат. Вакцина алса, кыйналып калат, албагыла деген. Бирок менин жеке оюм ага каршымын. Дарыгерлер теле көрсөтүүлөрдө толук маалымат берүүдө. Интернет булактарынан алган ойлор көп ойлондурган учурлар дагы болууда. Ден- соолуктун кепилдиги үчүн вакцинация алуу керек деген ойдомун»,- деп айтат айыл тургуну.
Ууржан Молдокулов