Дем алуу органдарын сезгенткен коронавирус менен Кыргызстан дагы башка өлкөлөрдөй эле эки жылдан бери күрөшүп келет. Былтыркы жылы аталган илдеттин белгилери жөтөл, жыт сезбей калуу, дене табынын көтөрүлүшү болсо, быйыл вирус мутация (ДНКнын молекулаларындагы өзгөрүү) болууда дейт дарыгер Майрам Токтомамбет кызы.
Анын айтымында былтыр пандемия маалында жарандар санитардык эрежелерди сактап, антисептик колдонуп, карым-катышты азайтышкан.
«Дарыканаларда бет кап жок калса өздөрү тигип алышып, бири-бирине аралыктан мамиле жасоого өтүшкөн. Ал кезде деле маалымат айдыңында түрдүү маалыматтар таратылып турган. Бирок быйыл элде андай сактануу деген түшүнүк жокко эсе. Интернетте тарап жаткан «бул атайын чыгарылган оору, ушинтип элдин санын азайтып жатышат, же оору жок, бул саясат ж.б ушу сыяктуу маалыматтар илдет менен күрөшүүдө абдан тоскоол болот экен. Анткени эл адистерге эмес, айтылган кептерге гана ишенип жатышат»,- дейт.
Ал эми Баетов айыл аймагынын башчысы Алмаз Абдылдаев: «Илдет менен күрөшүүдө колдон келген аракеттерди жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок медиа сабаттуулук төмөн болгондуктан, социалдык тармактардагы ар кандай маалыматтарды иргеп алууну көпчүлүгүбүз биле албай жатабыз. Ошол себептүү аңыз кептерге көбүрөк ишенип алып, өз ден-соолугубузга кайдыгер мамиле кылып жатабыз. Башкача деле атоого болбойт. Эң башкысы эмдөөдөн өтүү керек»,- деди.
Коронавирус менен күрөшүүдө ар бир жаран санитардык эрежелерди, анын ичинен жеке гигиенаны так сактоо менен бирге эмдөөдөн өтүшү зарыл дешет дарыгерлер. Анткени илдеттин жайылышын алдын алат.
Барчын Мамытбекова