Кыргызстан боюнча 23-24-майда бүтүрүүчүлөр ЖРТ тапшырышканы баарыбызга белгилүү. Ошол тесттин жыйынтыгы чыгып, Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жогорку балл алган окуучуларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумалы уулу
Аталган мектептин тарбия иштеринин уюштуруучусу Адил Жумалы уулу: «Биздин Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин быйылкы бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн Бегимай Болотбекова жана Туралиева Баяна 194 балл алышты. Бул балл өтө жакшы көрсөткүч. Район боюнча жогорку баллдар боюнча 3-орунду алышты . Айылыбыздан чыккан жеке ишкерлер Жакып Бейшеналиев менен Майрамбек Казиев окуу жылдын башында 200 баллдан ашкан эң жогорку баллды алган окуучуга автоунаа белекке коюп кетишти эле. Ал байкелерибиз менен биргеликте бул тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин автоунааны кийинки жылга калтырып, быйылкы жогорку балл алган кыздарга мыкты сапаттагы, жаңы үлгүдөгү ноутбук берүүнү туура көрдүк. Себеби эки кызыбыз тең 194 балл алып, 200 баллга бир аз жетпей калышты. Бирок алардын көрсөткөн жыйынтык мыкты жетишкендик. Ошентип эки окуучубуз жеке ишкерлердин атынан сыйлыктар менен сыйланышты. Андан тышкары быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллдарына жалпы мугалимдер жамаатынын көз карашы жакшы, канааттандыраарлык. Ушул бүтүрүүчүлөрүбуздүн алган аттестаттары кут болсун, жолдору ар дайым ачык болсун!».
Баян Туралиева
Баян Туралиеванын апасы Гүлнара Туралиева: «Мен кызымдын бул ЖРТдан жогорку балл аларына ишенгем. Себеби Баяна акы төлөнүүчү курстарда үзгүлтүксүз 5 ай окуду. Негизи курстар көп. Мен СЕКОМдун Нарындагы филиалын сунуштайт элем. Жогорку балл алуу үчүн мектептен да жакшы окуп, билим алуу абзел. ЖРТнын жыйынтыгын укканда сүйүндүк, толкундандык. Кочкор коомунан Талант Касиев баасы 74000сомдук акыркы үлгүдөгү ноутбук менен, Кочкор рай аким тарабынан ардак грамота жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын томдору менен сыйланды».
Элла Жумабаева
Ноутбук менен сыйланган окуучулардын класс жетекчиси Элла Жумабаева: «Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдөн Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинен эки окуучу кызыбыз 194 баллга ээ болушту. Булар 11-б классынын окуучулары Баян Туралиева жана Бегимай Болотбекова. 23-июнда биздин мектебибизде бүтүрүүчүлөрлүн аттестаттарын жана ЖРТдан алган сертификаттарын таратуу аземи болуп өттү. Бул аземге биздин Чолпон айылынан чыккан жеке ишкер жигиттерибиз Жакып Бейшеналиев менен Майрамбек Казиев ушул жогорку баллга ээ болгон окуучуларыбызга эң акыркы үлгүдөгү ноутбуктарды белек кылышты. Ошентип Корчубек Акназаров атындагы Чолпон орто мектебинин окуучулары жалпы район боюнча 3-орунду алууда. Ошондой эле ушул эле күнү администрациябызда эн жогорку баллга ээ болгон окуучуларыбызга жана аларды окуткан мугалимдерге атайын жыйналыш болуп өттү. Чогулушта алдыңкы окуучуларды ардак грамоталары жана Чыңгыз Айтматовлун чыгармалары менен, ал эми аларды даярдап окуткан агай-эжейлерди ыраазычылык барактары менен сыйлашты».
Бегимай Болот кызы
Эки окуучу 194 балл алган
Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова