Базар-Коргондун Дүкүр айылындагы башталгыч мектептин жаңы имараты ачылды.
27-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын Дүкүр айылындагы башталгыч мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Буга чейин тар жана эскилиги жеткен мектепте бир катар кыйынчылыктар жаралып келген. Жаңы имараттын курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, элдик салым, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков демөөрчүлүк кылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев
Облус башчысы эл өкүлүн аймактын социалдык көйгөгөйлөрүн чечүүдөгү аракеттерин белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ага катар Базар-Коргон районунда республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашып жаткан бир катар ири долбоорлор бар экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Сейдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылында 917 адам жашайт.
Гүлназ Камбарали кызы