Ак-Талаа районунда наркоманияга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Райондук администрациясынын жыйындар залында акимдин орун басары К.Карагулова, жалпы райондук мекемелердин, медицина кызматкерлеринин катышуусунда, медицина кызматкерлери тарабынан наркоманияны алдын алуу, анын кесепети, адамдардын жашоосуна, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалына тийгизген терс таасири тууралуу лекциялар окулуп, түшүндүрмөлөр берилди.
Дубал гезиттерди жактап беришти
Мындан сырткары, мекемелер арасында бул датага байланыштуу чыгарылган дубал газеталардын презентациясы болуп өттү. Жыйындын соңунда жөө жүрүш, вело жарыш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар , дипломдор тапшырылды.
Жөө жүрүш
Веложарыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
Аталган иш чара жалпы дарыгерлик практикалык борбору, ден соолук комитеттери жана башка тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен бирге уюштурулду.
Зарина Бейшеналиева