Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылындагы № 22 Тагай уулу Камал жалпы билим берүү мекемесинде иш чара өттү.
Бул иш-чараны Тагай уулу Камал атындагы № 22 жалпы билим берүү мекемесинин мугалимдери, тынчтык клубунун мүчөлөрү, «Баймундуз» тынчтык клубунун лидерлери Минигүль Калыкулова, Гүлдаана Шермамат кызы жана мектептин мыкты окуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү.
«Баймундуз » тынчтык клубунун лидерлери Минигүль Калыкулова, Гүлдаана Шермамат кызы
Ага «Тынчтык жана өнүгүү институту» коомдук фондунун Жалал-Абад облусу боюнча ментору Уланбек Уметов, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылынын жергиликтүү кенешинин депутаты Бактыгүл Маматкамил кызы семинарга катышып жана балдарга каалоо тилектерин айтты.
Тагай уулу Камал атындагы жалпы билим берүүчү мектеп мекемесинин директору Абдикахар кызы Айперим семинарды ачып берди жана өз сөзүндө «Баймундуз» тынчтык клубун ачылышы менен куттуктап, кызыгуу менен семинардын жүрүшүндөгү сессияларга жана кызыктуу оюндарга катышты.
Бул долбоордун алкагында аталган мектепте «Баймундуз» тынчтык клубу түзүлдү. Клуб мындан башка мектепте тынчтык маданиятын жайылтуу, кылмыштуулукту жана зордук-зомбулукту алдын алуу, инсандык өнүгүү багытында иш алып барышат.
Клубдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн атайын ЖОБО кабыл алынып, мектеп директору тарабынан бекитилди. Клуб ушул кабыл алынган Жобонун негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Кабыл алынган иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь айларында ишке ашырылып, ноябрь айында Бишкек шаарында улуттук форумда жыйынтыкталат.
Облустук деңгээлдеги семинар Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында Керемет санаториясында 8-9-10-11- июнь күндөрү өткөрүлгөн. Ага мугалимдер барып катышкан Базар-Коргон районунан Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылындагы Тагай улуу Камал атындагы жалпы билим берүүчү мектеп мекемесинин эки мугалими Мингүль Калыгулова жана Шермамат кызы Гүлдана эжекелер райондук билим берүүнүн сунуштамасы менен өздөрү кызыгып барышкан.
Ал жерде 4 күндүк семинарда өтө керектүү, пайдалуу сабактарды өтүп, практикалык иште жакшы сабак өтүп берип, 13 клубтан алты клуб областтык деңгээлде тандалып алынган, ошол 6 клубтун ичине биз кире алдык» -деп билдирди Минигүль Калыгулова.
«Мектепке өзүбүз жайылтык көп түрдүүлүк жана биримдик долбоорун, ага катышуучулар өздөрү келип 16 мүчө тандалып алынып, «Баймундуз» тынчтык клубун түзө алдык. «Баймундуз» тынчтык клубун Бешик-Жон айыл өкмөтү, ФАП, Баймундуз «Баластан» балдар бакчасы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы, ички иштер бөлүмү жана райондук билим берүү бөлүмү колдоп, жобосуна кол коюп беришти. Ошону менен Базар-Коргон районунда биринчилерден болуп бул долбоордун алкагында «Баймундуз» тынчтык клубу иш алып барды.
«Баймундуз тынчтык» клубу эки күндүк семинарды мектепте өткөрүп, бүгүн экинчи күнү жыйынтыкталды. Семинарды тамак-аш жана керектүү кеңсе буюмдарын долбоор өзү каржылады.
Эми биз бул 16 катышуучу менен чектелип калбастан сентябрь айында балдар мектепке келгенде жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, клубтун мүчөсү болом деген катышуучулар болсо кабыл алабыз», -деди Гулдаана Шермат кызы.
«Ошентип биз биринчилерден болуп мектептин ичинде өзүбүздүн клубту жайылтабыз, кийин Баймундуз айылына анан Базар-Коргон районундагы башка мектептерге жайылтабыз жана биз класстан тышкаркы окууларды, ар кандай иш чараларды өткөрөбүз.
Кеээ, бүгүн эки күндүк семинарда Тынчтык клубу деген эмне конфликт, тынчтык, зордук зомбулук, иденттүүлүк молекуласы, көп түрдүүлүк жана инклюзифтүүлүк, чыр-чатакты алдын алуу, чыр-чатактын көрүнгөн жана көрүнбөгөн факторлору концепсия жазуу жана башка темалар менен жакындан таныша алышты», -деп билдирди Гүлдаана.
Баймундуз тынчтык клубунун мүчөсү Айсезим Зулумбекова
«Мен Баймундуз тынчтык кулубуна катышкандыгым үчүн абдан сүйүнүп турам, анткени мен ойлогондон дагы жакшы болду. Бардыгы сонун өттү, оюндарды ойноп үйрөндүм мен үчүн абдан кызык болду. Мен мындай даражада болот деп ойлогон эмесмин. Базар-Коргон боюнча эң биринчи жолу болуп ачылып жатыптыр, мага абдан жакты. Баймундуз тынчтык клубун түзүп берген адамдарга чоң ыраазычылык билдирем», -деди Баймундуз тынчтык клубунун мүчөсү Айсезим Зулумбекова.
Бул семинар-тренинг «Тынчтык клубдары — биримдик жана көп түрдүүлүктө» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда жана «Тынчтык жана өнүгүү институту» коомдук фонду тарабынан каржыланууда.
Нуриза Калдарбаева, Гүлназ Камбарали кызы