Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине Кочкор районундагы ички иштер бөлүмүнүн орун басары жана өспүрүмдөр уюмунун инспекторлору мектеп окуучуларына жыйналыш өттү.
Жыйналышта Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары Балбаев Рыспек, Кочкор РИИБнун Чолпон АМБнун ККК МУУ милициянын ага лейтенанты Сакиев Кайрат, Кочкор РИИБнун ЖОИИ милициянын капитаны Жекшенбек уулу Сөңкөл “Кылмыштуулукту болтурбоо, тартип, рекетчилик”жөнүндө маалымат беришип, талкуу жүргүзүштү.
Чогулушка Корчубек Акназаров мектебинин мугалим агайлары, окуучулары катышты. Балдардын окуучулук формасын, тартибин жана көчөгө чыкпоосун көзөмөлгө алуусун мугалимдерге сунушун айтышты. Балдарга таасирлүү сөздөрүн айтышып, суроо-жооп иретинде ойлорун ортого салышты. Мектептин абалын текшерип, учурдагы кырдаалдардагы маалыматтарга токтолушту.
Жыйналыш учурунда
Жыйналыш учурунан бир көрүнүш