Окуу процессинде электрондук ресурстарды пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектеби да Электрондук китепкана жана 5 мультимедиалык класс менен жабдылды.
Жаныбек Эралиев
Жаныбек Эралиев:
«Мен «ХандиКрафт» компаниясынын менеджери болом. Билим берүү жана илим министрлигинин жана Евроазия өнүктүрүү банкыныны колдоосу менен биргеликте мектептерге компьютер жабдыктарын жеткирип жатабыз. Башкача айтканда 21 компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, принтер, UPS менен камсыз кылдык. Нарын облусунда план боюнча 83 мектепти жана 1 колледжди жабдуулар менен камсыз кылышыбыз керек. 19-20-январда Кочкор районунун мектептерине жеткирдик».
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мектепке техникалык каражаттар келди.
Корчубек Акназаров орто мектебинин информатика мугалими Гулира Сатарова:
«Билим берүү жана илим министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 1200 мектепке компьютер берилет деп 2021-жылдын декабрь айында укканбыз. Бүгүн 20- январда компьютерлерди орнотуп кетишти. Долбоордун алкагында электрондук китепкана жана математика жана табигый так илим (STEM) предметтерин басым жасап окутуу үчүн 5 класс компьютер, проектор менен жабдылды.
Окуу процессинде электрондук окуу китептерин жана жаңы технологияларды колдонуп сабак өтүү менен билим берүүнүн сапаты жогорулайт. Окуучулар жетишпеген окуу китептеринин электрондук варианттарын колдонуп окуй алышат. Мектеп технологиялар менен жабдылып, сабак өтүүгө шарттар түзүлгөнүнө мугалимдер, окуучулар да сүйүнүп жатабыз».
География, математика, химия, физика, биология кабинеттерине 1ден компьютер жана проектор берилди
Компьютерлерди орнотуу учурунда
Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова