Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтү “Таза суу-таза аймак” муниципалдык ишканасы үчүн таштанды чыгарууга 2007-жылы өндүрүштөн чыккан “КамАз” ЕВРО-2 үлгүсүндөгү автоунаа сатып берди.
Аталган айыл өкмөттүн башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында 2022-жылдын жыйынтыгы менен республикалык “Мыкты айыл өкмөт” сынагында 500мин сом байге фонду менен алдыңкы орунду жеңип алышкан.
“Унаанын баасы 900миң сом. Калган 400 миң сом “Таза-суу-таза аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан төлөнөт. Буга чейин да айылда айына эки ирет менчик унаалардын жардамы менен чыгарылып келген. Бирок бул айрым учурларда маселе жаратчу. Ошол себептүү ишканага унаа зарыл болчу” деди.
Таштанды жуманын ишемби күндөрү тик, ал эми жекшемби күндөрү туура көчөлөрдө чыгарылат. Жумушчулардын айтымында 3-4 каттам менен ташып бүтүшөт. Айыл тургундары түтүнгө жараша чейрегине (квартал) 200 сом таштанды үчүн төлөшөт.
Барчын Мамытбекова