Ак-Талаа районунда эки күнгө созулган окуучулардын республикалык олимпиадасынын II этабы жыйынтыкталды.10 предмет боюнча өткөрүлгөн билим сынагына 405 окуучу катышып, күчтүүлөр жеңип чыкты.
Тактап айтканда командалык эсепте 1-орунга Э. Мейманов атындагы орто мектеби чыкса, 2-орунду С. Атамбеков атындагы орто мектеби жеңип алды.
Ал эми 3-орунду алган Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби орус тилдүү мектептер арасында 1-орунга ээ болду. Ошентип Республикалык олимпиаданын III этабына 23 окуучу катышып, райондун намысын коргошот. Албетте алдыңкы көрсөткүч бере албаган, бир да орун албаган дагы мектептер болду.
Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев окуучулар быйыл мыкты даярдыкта келишкенин айтып, талаш-тартыш комиссиясына билимин далилдеген (аппеляция) бир катар кайрылуулар түшкөнүн кошумчалады.
Барчын Мамытбекова