Кыргыз элинде сый тамактардын бир нече түрлөрү жана аларды тартуу эрежелери да өзгөчө. Алардын бири-жээн аяк. Бул тамак өлкөнүн бардык аймактарында тартыла бербейт. Мисалга алсак, Ак-Талаанын айрым айылдарында гана төркүнгө келген кыздын уул-кызына, тактап айтканда жээндерге тартылат.
Жээн табакка жилик башталып тартылат (Сүрөт интернеттен алынды)
Баетов айылынын тургуну Жеңишкүл Бактыбаеванын айтмында бул сый табак Кош-Дөбө айылында жээндерге болгон өзгөчө мамиленин бир көрүнүшү, тойдун көркүн дал ушул жээн табак ачат.
“Мейли кандай той болбосун, мейли ал бешик той, сүннөт же келин той болбосун канча кыз болсо балдарына жээн табак берилет. Момпосуй, таттуулар, шириндиктер жана жилик баштаган чакан табак тартылат. Андан соң улуурак жилик болсо, чекесинен кесип, дасторкондо отурган меймандарга ооз тийгизет”,- дейт.
Барчын Мамытбекова