Балдар иштери боюнча комиссия типтүү Жобого ылайык иш алып барат жана ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлөт. Курамында ИИБнүн, саламаттыкты сактоо, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, балдардын укуктарын коргоо боюнча жана миграция жаатындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирет.
Мындан сырткары, жарандык коомдун өкүлдөрү(макулдашуу менен) мүчө боло алат. Ал эми комиссиянын төрагасы болуп аким же социалдык маселелер боюнча орун басары дайындалат. Комиссиянын отуруму мезгилдүү өтүлөт. Балдар иштери боюнча комиссиялар турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо максатында ар бир район, шаарларда түзүлөт.
Акталаа району боюнча балдар иштери боюнча комиссиянын төрайымы Кенже Карагулованын маалыматына караганда 2022-жылы жалпы 34 сунуш келип түшкөн.
Кенже Карагулова-Балдар иштери боюнча комиссиянын төрайымы, акимдин орун басары
“Бардык сунуштар отурумда каралган. Анын ичинен эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынан 2 сунуш, ички иштер бөлүмүнөн 27 сунуш, билим берүү тараптан 5 сунуш келип түшкөн. Көбүнчөсү балдар арасындагы майда бейбаштык фактысы. Айрым учурда комиссиянын көчмө отурум дагы өткөрүлөт” дейт.
Мындан сырткары КРнын Өкмөтүнүн Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө Жобосунда белгиленгендей аталган комиссиянын бир катар милдеттери бар.
Барчын Мамытбекова