25-ноябрь күнү «Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларына чакан конкурс жарыяланган. Анын жыйынтыгы 23-январь күнү чыкты.
Конкурстун максаты окуучуларды жигердүү иштөөсүнө шык берүү максаты болгон. Жалпысынан медиа борбордо 15тен ашык ыктыярчы катышып, жеңүүчүлөр аныкталып, белектер ыйгарылды. Конкурстун катышуучулары 3 номинация боюнча ат салышкан.
1-орун көп жаңылык жазгандыгы үчүн, 2-орун көп көрүү чогултканы үчүн, 3-орун инстаграмдан эң көп жактыруу (лайк) алганы үчүн орундар берилмек. Жыйынтыгында эң мыкты деген ыктыярчылар табылып, белектер берилди. Ошондой эле ыктыярчыларга дагы шык берүү үчүн, көптөгөн чакан конкурстар уюштурулмакчы. Ал үчүн демөөрчүлөр изделип жатат.
1-орун: Анжелика Сейиталиева
2-орун: Мирайым Конокбаева
3-орун: Жасмин Мырзабекова
Айпери Марлесова