Эзме куруттун жасалуу жолу жана анын ден-соолукка тийгизген пайдасы тууралуу Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундары маалымат бөлүштү. Алардын айтымында эзме курут учурда көп жасалбай, унутта калып баратат.
Эрлан Эгинбаев
Эрлан Эгинбаев эзме курут тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
«Эзме курут кыргыздын улуттук тамактарынын бири болуп саналат. Аны илгери сыйлуу тамак катары көрүшкөн. Эзме курутту жасаганда биринчи курутту ушалап, сууга чылап 2-3 мүнөт кайнатышып, кайнагандан кийин сары май, шекер кошуп сыйлуу конокторго сунушкан. Ал эми эзме куруттун пайдалары абдан көп. Иммунитетти көтөрөт, ашказанга, ички органдарга жана каны аздарга абдан пайдалуу».
Бермет Жамангулова:
«Эзме курут бул ата-бабаларыбыздын улуттук жана сыйлуу тамагы аны ичкенде адамды ток алып жүрөт. Эзме куруттун жаcалышы:
1) Курутту жакшылап жылуу сууга чайкап алып, аны бир табакка салып ысык суу куюп 4-5 мүнөттөй демдеп коёбуз.
2) Демдегенден кийин курутту алаканыбыз менен эзип алабыз, сүттөй болгон суюктук пайда болот.
3) Эзилген курутту мискейге куюп жай отто тынбай аралаштырабыз. Кайнагандан кийин татымына жараша сары май, кумшекер же болбосо туз кошулат. Аны Ысык бойдон конокторго, сыйлуу адамдарга сунулат. Мурун бала чагымда апам жасачы, мен да көп жасаган жокмун, азыр көп деле киши жасабай унутулуп жатат го деп ойлойм. Өзүбүздүн улуттук тамактарыбызды унутпай, жашоо тиричилигибизде колдонсок деп жаштарга айтып кетет элем».
Бермет Жамангулова жасаган эзме курут
Аяна Эрланова, Касиет Чолпонкулова