Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө мамлекеттин колдоосунун негизинде президенттик фонддун эсебинен акча бөлүнүп заманбап жүк жүктөгүч жана “Хово” үлгүсүндөгү атайын автоунаалар алынып келинди.
Окуу процессинде электрондук ресурстарды пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектеби да Электрондук китепкана жана 5 мультимедиалык класс менен жабдылды.