«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Эрнест Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» китебинин негизинде райондук китеп окуу сынагы өттү. 17-январда Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев мектебинде Кочкор районунун 35 мектебинен тандалып алынган 155 финалист окуучулар катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.
«Чал жана деңиз» китеби боюнча уюштурулган конкурс 3 турдан турду. Жалпы конкурска Кочкор районунун 35 мектебинен 1190 бала катышкан. 1-тур онлайн болуп, тест тапшырып 155 бала өттү. 2-тур Көкөбай Мамбеталиев мектебинде офлайн форматта болду. Ал жерден мыктылырдын мыктысы болуп 80 окуучу тандалып алынды. 80 окуучу группаларга бөлүнүп команда менен биригип жарышышты.
Сынактын баш байгелери 1-орун Турцияга жолдомо, 2-орун ноутбук, 3-орун Астанага жолдомо, 4-орун Ташкентке жолдомо, ал эми 5-6-7-орундарга тил курстарына бекер сабак, 8-9-10-орундарга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлык Ак үйгө жолдомолор берилди.
Бегайым Нурлан кызы: «Чал жана деңиз» аттуу конкурсубуз студенттер тарабынан каржыланды. Конкурстун эң негизги максаты бул окуучуларды билимге чакыруу, китепти сүйүп окууга үндөө. Анткени, «Китепсиз өскөн бала бул суусуз өскөн дарака окшош». Ошол себептен балдарды сугарып туралы, китепке багыттап туралы деп бул конкурсту уюштурдук. Мен «Кыялданып жакшы ойдо болсок, кыялдарыбыз сөзсүз орундалат» деп айтмакчымын.
Аяна Тайбагарова: «1-орунду багындырып алуу бул менин кыялым болчу, мен өз кыялыма бүгүн жетип отурам. Менде бир башкача сезимдер болуп жатат. Эң биринчиден мени даярдаган эжейиме, андан кийин бул конкурсту уюштурган эжей-агайларга ыраазычылык айтмакчымын».
Нурайым Замир кызы: «Сезимдер өтө жакшы кубанычымда чек жок. Эң башкысы утуш эмес, көптөгөн нерселерди билүү, үйрөнүү. Бул конкурстан ар түрдүү нерселерди үйрөндүм мисалы: өзүмө керектүү бир нече маалыматтарды билдим жана бири-бирибиздин оюбузду уга билүү, сыйлоо керектигин түшүндүм. Ошондой эле жаңы досторторду таптым».
Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Малика Жумабекова:
«Жакынкы арада эле, тактап айтканда 2022- жылдын, 25-декабрында, Америкалык таанымал жазуучу, 1954-жылы адабият боюнча «Нобель» сыйлыгынын ээси болгон Эрнест Миллер Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» китеби боюнча Кочкор райондук «Прогресс» коомдук фонду тарабынан уюштурулган конкурска катышып, II турга жолдомо алгам.
2023-жылдын 17-январь күнү II,III тур өткөрүлүп дароо сыйлыктар тапшырылды. Мен 3-орунду багындырып, Алматы шаарына 2 кишилик жолдомо менен сыйландым. Албетте, бул жетишкендиктериме мугалимдерибиздин салымы зор. Учурдан пайдаланып, Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин жалпы мугалимдер жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Мугалимдер биздин чыныгы машыктыруучуларыбыз, экинчи ата -энелерибиз. Алар бизге багыт берүүчү, жарыктандыруучу жана эң башкысы бизди эң жакшысын алууга түрткү берет жана бизди калыптандырат.
Повесть чынында мыкты жанрдагы чыгарма десем жаңылышпайм. Себеби, ар бир адам таасирленип кала тургандай так жана таамай жазылган. Бул китепти окуп өзүмө мыкты сабак ала алдым жана аны жашоомдо да колдонууга аракет кылам .»Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт» демекчи, муну менен эмнени айткым келет, изденелик, окуйлук, умтулалык!
Асема Сүйүндүкова