Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан «Ж.Саралаев» атындагы спорт комплексинде СССРдин Эл агартуусунун отличниги Нурдин Токтогоновдун жаркын элесине арналган NAGA-ГРЭППЛИНГ боюнча Республикалык ачык турнир болуп өттү.
Аталган турнирге Кыргызстандын Чүй, Нарын, Ысык Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан 200 дөн ашуун спортчу катышты. Катышуучулар 20 килограммдан 100 килограмм салмакта күч сынашты. Спорттук мелдешке Нурдин Токтогоновдун уул-кыздары жана неберелери демөөрчүлүк кылышты.
Алгач сөздү Н.Токтогоновдун уул -кыздары жана уюштуруу тобу алып турнирди ачып беришти
Эмил Токтогонов-«Эрежесиз эр таймаш», «ММА» ,»ГРЭППЛИНГ» федерациясынын президенти- Н.Токтогоновдун баласы
Турнирдин кенже катышуучулары
Оюндун эң кызыктуу көз ирмемдери
Болотбек уулу Автандил. Турнирдин жеңүүчүсү. Тоң району Ысык -Көл облусу
Катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү
Айжаркын Эркинбек кызы