Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулар арасында өтүлгөн “Күз берекеси” конкурсу жыл сайын уюштурулат. Мелдешке 5-6-7-класстардын окуучулары катышышты. Өтүлгөн убак 30-ноябрь күнү саат 11:00дөн 12:30га чейин болду.
Ал конкурста окуучулар ар кандай жер-жемиштерден түрдүү жаныбарларды, оюнчуктарды жана башка көптөгөн көрүнүштөрдү жасашты. Жер-жемиштен жасалган көрсөтмөлөрдү эжей-агайларга жана калыстарга көрсөтүштү. Уткан класс гранд прини алышкан. Гранд приге 500 сом жана грамота менен сыйланган. Калган 1-2-3-орунду алгандар грамота жана чакан белектер менен сыйланышты. Утпай калган окуучуларга мектеп директору ийгилик каалап кийинки конкурстарда утушун айтып балдарга дем күч берди.
Кусейин Марат уулу