Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими Дамира Сейдинова 2019-жылдан баштап «Ата-энелер» мектебин уюштуруп, жетектеп келет. Бул мектеп алгылыктуу иштерди аткарып, ата-энелердин саны көбөйө баштаганда пандемия ишин улантууга тоскоолдуктарды жараткан. Азыркы учурда Дамира Садырбековна «Ата-энелер» мектебин кайрадан жандандырып, ата-энелер менен биргеликте алгачкы семинарын өткөрдү.
Бул мектепти уюштуруп өткөрүп туруунун максаттарынын бири «Ата-энелер» мектебинин баалуулугун, пайдасын жана маанисин көтөрүү болуп саналат. Мындан тышкары балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө көмөктөшүүгө таасир кылуу, ата — энелердин балдарына болгон жоопкерчиликтерин арттыруу жана баланы тарбиялоодогу ата-эненин ролу кандай болуу керектигин анализдеп талкуулоо саналат.
Бүгүнкү күнгө чейин биздин мектепке келип катышып жүргөн ата-энелердин бала тарбиялоодогу көз караштары өзгөрүп, балдарга башкача мамиле кылууну үйрөнүшкөн. Тилекке каршы Ковид-19 илдети биздин ишти бир кыйла артка тартты десем жаңылышпайм. Себеби, биз элдерди чогултуп семинар-тренингдерди өтүү кооптуу деп эсептеп, ишибизди бир аз токтотконбуз. Бүгүн мына пандемиядан кийин кайрадан чогулуп, ата-энелер менен биргеликте алгачкы семинарды өтүп жатабыз. Буюрса мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем»,- дейт Дамира Садырбековна.
Бүгүнкү семинар «Бирге окуунун зарылдыгы» темасында өткөрүлүп, ата-эне балага билим алуусуна, китепке болгон кызыгуусун арттырууга кантип түрткү боло алат деген суроолорго катышуучулар жооп ала алышты.
Гүлназ Кылжырбашова 4 баланын энеси: «Мен бүгүнкү семинардан өзүмө көп билим ала алдым. Азыркы учурда биз балдарга көп көнүл буруп турушубуз, алар менен биргеликте китептерди окушубуз керек экендигин түшүндүм. Балдар азыр китептен алыстап, телефон менен гана чектелип калышты. Бирок мен телефон бербегенге аракет кылам. Мындай семинарлар улана берүүсүн каалайт элем, анткени биз өзүбүзгө көп тарбия алат экенбиз. Бүгүнкү семинардан кийин мен балдарым менен бирге дайыма китеп окуп турганга өзүмө сөз бердим.»
«Бүгүнкү семинар биз үчүн абдан пайдалуу болду. Чынында мурунку убак менен азыркы мезгилдин балдарында айырма абдан чоң экенине ынандым. Бул «Ата-энелер» мектебинен биз балдар менен тыгыз байланышта болууну үйрөнө алат экенбиз. Ар бир ата-эне ушундай сабактарга катышып турса аларда да өзгөрүүлөр болот деп айта алам!»- дейт Дүйшөнбек ата.
«Бул семинардан мен өзүмө көптөгөң таасир ала алдым. Буга чейин биз үйдөн балдар менен бирге китеп окуган эмеспиз. Мындан ары мен балдарым менен бирге ар түрдүү китептерди окуганга аракет кылам. Башка ата-энелер да ушундай сабактарга көп катышып турушса, өзүлөрү үчүн абдан пайдалуу болоорун айтат элем,- дейт Самара Курманакунова.
Акылай Алмазбекова, Наиля Жанарбек кызы