Айыл ичинде түзүлгөн «Соң-Көл» көк бөрүчүлөр командасы 3 жылдан бери ынтымак оюнуна катышып келишет. Бул оюн пандемияга карабай уланууда.

Мухтарбек Аблесов
Команданын мыкты оюнчусу Мухтарбек Аблесов: «Көк бөрү оюну аябай жакшы өттү. Бул оюнда жалпы 5- команда оюн көрсөттү. «Чекилдек», «Кум-Дөбө», «Теңдик», «Төлөк» айылдарынан атайын команда түзүлүп келинген. Ошол командалар арасында кызыктуу таймаш өттү. Ал эми биз «Кум-Дөбө» жана «Чекилдек» командалары менен ойнодук. 2 командадан тең 2:1 менен утулуп калдык»,-дейт.

Бакытбек Айманов команда башчысы
Бакытбек Айманов: «Бул оюнду 3 жылдан бери ойнойбуз. Өзүбүз 40 жаштан ашкандар атайын шерине оюн кылып ынтымак оюну деп ойноп келе жатабыз. Бул жолкусунда Кочкор районундагы Теңдик айылында болду. Оюнга башка командалардан өзгөчөлөнүп 6 гана оюнчу бардык. Командалык курам толук болбой калды. Башка командалардан 12ден оюнчу келди. Утулуп калганыбыздын себеби ушул командабыздын курамы толук болбой калганы. Оюн учурунда жигиттер жакшы оюн көрсөтүштү. Белгилүү себептер менен 6 оюнчу келбей калган. Ошондуктан баштан аяк 6 оюнчу 6 гана ат менен ойногондуктан аттар да чарчап калып атты. Ошондой эле кезектешип ойногонго оюнчулар болбогондуктан команда алсыз болуп калды», -дейт.

Районго барган 6 оюнчу

Оюн учуру
Айпери Марлес кызы